...

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик-Сервис” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен 3 259 000 (үч миллион эки жүз элүү тогуз миң) сомго жаңы заманбап атайын техника — HengWang HWL80-6 маркасындагы эксковатор сатып алынды.

Бул техника аймактагы коммуналдык иштерди, жолдорду оңдоо жана курулуш иштерин сапаттуу жана эффективдүү жүргүзүүгө багытталган. Эксковатордун жардамы менен кыш мезгилинде кар жана муз тазалоо, сел жүрүү коркунучу бар жерлерде профилактикалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле жай мезгилинде жолдорду оңдоо жана башка курулуш иштерин жүргүзүү жеңилдей түштү.

Бул инвестиция айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө ылдамдык менен натыйжалуу иштөөгө өбөлгө түзөт.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.