Согонду айылындагы скважина аркылуу таза суу чыгаруу жумуштары активдүү жүрүүдө

Согонду айылында сметалык баасы 17 миллион 421 миң сомду түзгөн таза суу чыгаруу долбоору бүгүнкү күнгө карата 70%га аткарылды. Айылдын суу көйгөйүн чечүүгө багытталган бул долбоордун алкагында учурда 15 миллион сомдук жумуштар ийгиликтүү жүргүзүлдү. Жумуштардын алкагында скважина казылып, суу алууга керектелүүчү бардык техникалык жабдуулар орнотулууда. Бул таза суу системасы айылдагы тургундарга үзгүлтүксүз жана сапаттуу ичүүчү […]
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына жаңы атайын техника сатып алынды

Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик-Сервис” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен 3 259 000 (үч миллион эки жүз элүү тогуз миң) сомго жаңы заманбап атайын техника — HengWang HWL80-6 маркасындагы эксковатор сатып алынды. Бул техника аймактагы коммуналдык иштерди, жолдорду оңдоо жана курулуш иштерин сапаттуу жана эффективдүү жүргүзүүгө багытталган. Эксковатордун жардамы менен кыш мезгилинде кар жана […]
Гагарин айылында селге каршы күчөтүлгөн профилактикалык иштер аткарылды

2025-жылдын июль айынын 7-12 аралыгында Жибек-Жолу айыл аймагынын Гагарин айылында сел коркунучун алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында СПЛМ (сел профилактикалык ликвидациялоо механизми) боюнча бир катар маанилүү иштер аткарылды. Атап айтканда, айылдын аймагында жайгашкан сел кармоочу бир даана чуңкурчаны сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, анын тазалыгы жана иштөө жөндөмү калыбына келтирилди. Бул чуңкурча […]
Жайкы эс алуу убагында уруксат берилбеген суу жээктеринде сууга түшүү коопсуздугу күчөтүлүүдө

Жайкы эс алуу мезгилинде уруксат берилбеген суу жээктеринде сууга түшүү окуялары көбөйүп, бул аймакта коопсуздук маселеси олуттуу түрдө актуалдуу болуп турат. Жибек-Жолу айыл аймагында ушул кооптуу участкаларда эс алуучуларга эскертүүлөр илинди. Айылдык бийлик тарабынан кооптуу аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, сууга түшүүнүн эрежелери, коркунучтары тууралуу маалымат берилди. Муну менен, жарандардын өз коопсуздугун сактоосу жана кырсыктарды алдын […]
Кошулуш айылында Карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү

📅 01.10.2024 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ №39 Жарлыгы менен бекитилген «2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясына ылайык, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Кошулуш айылында 1-октябрь – Карылар күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарага айылдын кадырлуу тургундары, ардагерлер жана жаштар […]
Күн-Элек айылында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу болуп өттү

📅 29.09.2024 2024-жылдын 29-сентябрь күнү Күн-Элек айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Бекмурза Эргешов, Таалайбек Сарыбашов жана Эрнис Айдаралиев Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын көйгөлүү маселелерин угуп, актуалдуу суроолорго жооп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар көтөрүлдү: Тургундар тарабынан депутаттарга суранычтар жана сунуштар айтылып, […]