...

Согонду айылында сметалык баасы 17 миллион 421 миң сомду түзгөн таза суу чыгаруу долбоору бүгүнкү күнгө карата 70%га аткарылды. Айылдын суу көйгөйүн чечүүгө багытталган бул долбоордун алкагында учурда 15 миллион сомдук жумуштар ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Жумуштардын алкагында скважина казылып, суу алууга керектелүүчү бардык техникалык жабдуулар орнотулууда. Бул таза суу системасы айылдагы тургундарга үзгүлтүксүз жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоону камсыз кылат.

Долбоор толук аяктагандан кийин Согонду айылында таза суу менен камсыздоо деңгээли бир топ жогорулап, калктын жашоо шарттары жакшырат деп күтүлүүдө.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Seraphinite AcceleratorBannerText_Seraphinite Accelerator
Turns on site high speed to be attractive for people and search engines.