📅 29.09.2024
2024-жылдын 29-сентябрь күнү Күн-Элек айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Бекмурза Эргешов, Таалайбек Сарыбашов жана Эрнис Айдаралиев Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын көйгөлүү маселелерин угуп, актуалдуу суроолорго жооп беришти. Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү темалар көтөрүлдү:
- Айылдагы инфраструктуралык көйгөйлөр
- Сугат суу жана таза суу маселелери
- Жаштар үчүн жумуш орундарын түзүү
- Мектептердин жана ФАПтардын абалы
Тургундар тарабынан депутаттарга суранычтар жана сунуштар айтылып, эл менен түз байланыш маанилүү экендиги белгиленди.
Жолугушуунун соңунда депутаттар элдин айткан маселелерин тийиштүү мамлекеттик органдарга жеткире тургандыктарын билдиришти.


