📅 01.10.2024
2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ №39 Жарлыгы менен бекитилген «2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясына ылайык, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Кошулуш айылында 1-октябрь – Карылар күнү белгиленди.
Майрамдык иш-чарага айылдын кадырлуу тургундары, ардагерлер жана жаштар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө:
- Бүлөлү айылынын таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашып,
- Мурдаш айылынан келген ыр кесеге жооп берип,
- Кезекти Күң-Элек айылынын өкүлдөрүнө өткөрүп беришти.
Бул күнү 50 жыл бою бирге түтүн булатып, үй-бүлөлүк бакытты сактап келген ардактуу жубайларга, ошондой эле ак сакал ата-бабаларга жана ак элечек энелерге майрамдык белектер тапшырылып, сый дасторкону жайылды.
Мындан тышкары, “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” орденине татыган айымдарыбыз да унутта калбай, расмий түрдө сыйлыктарга ээ болушту.



